2021-11-01

КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕГИ ЖОЛУГУШУУ


Чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү докт. Режеп ЙҮРҮМЕЗ жана мүдүр жардамчысы Салия ВАЙСКАНОВА маалымат алмашуу максатында Кыргызстан эл аралык университетинин Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык укук факультетинин деканы жана факультеттин окутуучулук курамы менен жолугушту. Жогорку мектебибиздин жетекчилери аталган факультеттин деканы болуп дайындалган доц., докт. Гүлзада БЕКСУЛТАНОВАны жаӊы кызмат орду менен куттуктап, жолугушуу алкагында Кыргызстан эл аралык университетинде үйрөтүлүүчү англис, немис, француз, араб, кытай тилдери жана окуу материалдары тууралуу маалымат алып, өз кезегинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чет тилдер жогорку мектебинде үйрөтүлүүчү чет тилдерди окутуу методикасы жана окуу куралдары жөнүндө кыскача маалымат беришти. Жолугушууда билим жана тажрыйба алмашуу маселелеринде биргелешкен кадамдарды таштоо боюнча сүйлөшүүлөр талкууланып, макулдашылды.